super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков: “Электрондук өкмөт системин киргизүү Кыргызстан үчүн өтө маанилүү”

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Түштүк Кореяга болгон иш сапарында аталган өлкөнүн Компьютерлештирүү жана маалымат боюнча улуттук агенттигинин президенти Ким У Хан менен жолугушту. Муну бүгүн, 28-февралда ЖКнын маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков заманбап, учурдун талаптарына жооп берген электрондук өкмөт тутумунун системи Кыргызстан үчүн өтө маанилүү экенин белгиледи. “Кыргыз тарап мамлекеттик органдардын маалымат алмашуусунун бирдиктүү борборун түзүүгө техникалык жардам алуу жана эксперттик көмөктөшүү мүмкүнчүлүктөрүн издөөдө. КМУАнын максаты – мамлекеттик маалыматтык ресурстарды натыйжалуу башкаруу. Бул Кыргызстан үчүн абдан актуалдуу. Электрондук өкмөт тутумун киргизүү өлкөдөгү парламенттик демократияны мындан ары дагы бекемдөөнүн, мамлекеттик органдардын тыгыз байланышын, коомчулук менен мамиле түзүүнүн жана бийликтин жоопкерчилигин жогорулатуунун зарыл шарттары болуп саналат”,- дейт Жээнбеков.

Жолугушууда тараптар “булут технологиясы” ("Cloud computing") деп аталган систем менен жөнгө салуу киргизилген комплекстүү компьютердик интеграциялык борбор түзгөн КМУАнын уникалдуу тажрыйбасы тууралуу баарлашып, эки тараптуу кызматташуунун жолдорун талкуулашты.

“Булут технологиясы” - бийликтин мамлекеттик органдары өз ара жана өлкө жарандары менен байланышуусу боюнча тамырлашкан систем, ал 2010, 2012-жылдары БУУ тарабынан “Дүйнөдөгү эң мыкты электрондук өкмөт” наамына татыган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: