super.kg logo

Бишкекте 18-20 жаштагы эки жаш улан адам өлтүрүү фактысы боюнча шектүү деп кармалышты

 
Бишкекте 18-20 жаштагы эки жаш улан адам өлтүрүү фактысы боюнча шектүү деп кармалышты. Бул жөнүндө ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Ушул жылы 6-декабрда Бишкектеги Ленин районунун жашоочусу арыз менен кайрылган. Арызда 25 жаштагы И.Т. 4-декабрда күндүзгү саат 12лер чамасында Мерседес-Бенц-200 автоунаасы менен үйдөн чыгып кеткен боюнча кайрылбагандыгы тууралуу жазылат. Арыздын негизинде Сокулук райондук ыкчам издөө тобунун аракети менен дайынсыз кеткен жарандын унаасы табылган. Тиешелүү чаралар көрүлгөн соң кылмышка шектүү делип 18 жаштагы С.А. жана 20 жаштагы А.Т кармалышты. Алар каза болгон айдоочунун колун байлап, муунтуп өлтүрүп, каналга таштап жиберишкенин мойнуна алышты. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: