super.kg logo
  Саясат  

"Кыргызтуракжайкоммунбирлик" ишканасын жоюу боюнча токтомдун күчүн жоготуу тууралуу токтом долбоору колдоого ээ болгон жок

 

27-февралда парламент жыйынында “Кыргызтуракжайкоммунбирлик” мамлекеттик ишканасы жөнүндө” № 340-V токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтом долбоору каралды.

Бул боюнча энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев баяндама жасады.

Маалыматка таянсак, “Кыргызтуракжайкоммунбирлик” ишканасын жоюу жана анын иш-милдеттерин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү өкмөткө тапшырылгандан бери көйгөйлөр келип чыккан. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ишкананын милдеттерин аткаруу кыйынчылыктарды жаратып жатканын айтышып, анын жоюлушуна каршы болушкан.

Аталган ишкананын директору Кушбак Тезекбаев “буу казандарды жаңылоо боюнча демилге көтөрүлгөнү менен, токтом аркылуу жоюлат деген ишканага инвестор дагы келбейт экен” дейт. Бул ишкананын жоюлушу менен эл кыйналып каларын кошумчалады.

Депутат Курмантай Абдиев мурда ишкананы жоюу боюнча демилге көтөргөн экс-депутат Садыр Жапаров ишканадагы коррупциялык иштер боюнча салмактуу негиздерди келтиргендигин эскерди. Депутаттар Улукбек Кочкоров Баткен, Кадамжай шаарларындагы буу казандарды “Кыргызтуракжайкоммунбирлик” ишканасынын курамына алып, республикалык бюджеттен каржылоо менен калыбына келтирүүнү сунушташты.

Жыйынтыгында ишкана боюнча токтомдун 1-пунктун (ишкананы жоюу боюнча пунктту) “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамга ылайык, күчүн жоготту деп таануу боюнча токтом добушка коюлуп, колдоо тапкан жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: