super.kg logo
  Саясат  

Адвокат: "Кара-Кечеде каза тапкан Айбек Мамбеталиевдин ата-энеси менен карындашын камактан бошотуш керек, анткени алар соттогу чырга катышкан эмес"

 

“2014-жылдын 20-февралында Жумгал районунда өткөн соттогу чатакка Айбек Мамбеталиевдин ата-энеси жана карындашы катышкан эмес. Бирок ага карабастан, алар 2 айлык мөөнөткө камакка алынышты”,- деп билдирди бүгүн, 28-февралда SUPER.KG порталына алардын жактоочусу Жандар Мамытбеков.

Анын айтымында, Жумгалдагы окуя боюнча жалпысынан 10 адам камакка алынды. Мындан тышкары Айбек Мамбеталиевдин 10дон ашуун жакыны кайсы шаарда камалганы белгисиз. Болжолдуу Кочкор жана Ат-Башы районунда экени айтылууда.

“Айбек Мамбеталиевдин ата-энесин жана карындашын бошотуу максатында керектүү документтерди даярдап, Нарын облустук сотуна тапшырабыз”,- дейт жактоочу.

Белгилей кетсек, 25-февралда КРнын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы "Жумгалдын райондук сотунда болгон жаңжал боюнча 14 адам кармалып, алардын ичинен 10у 2 айлык мөөнөткө камакка алынды" деп жарыялаган.

Эскерте кетсек, 2013-жылдын 1-декабрында "Кара-Кече" кенинде Айбек Мамбеталиев каза тапкан. Бул факт боюнча СОБРдун 1 жана ИИМдин Уюшкан кылмышка каршы күрөшүү боюнча кызматынын 2 кызматкерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесинин 4-пункту (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү, бул байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө алып келгенде) менен кылмыш иши козголгон. Алардын иши 20-февралда Жумгал райондук сотунда каралган. Сот аяктаганда Айбек Мамбеталиевдин жакындары чуу чыгарып, айыпталуучуларга күйүүчү май чачышып, аларды өрттөөгө аракет кылышкан. Дүрбөлөңдүн натыйжасында эки айыпталуучу оор жаракат алып, Бишкекке алынып келинген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: