super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте 8-Март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата өткөрүлүүчү иш-чаралар белгиленди

 

Бүгүн, 28-февралда Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы Аялдардын эл аралык күнүнө карата өткөрүлүүчү иш-чараларды жарыялады.

Маалым болгондой, 7-мартта саат 11:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда президент жана мэр катышкан салтанаттуу шаардык иш-чара өткөрүлөт.

Бишкектин ар бир районунда 8-Март күнүнө карата төмөнкүдөй иш-чаралар пландалган:

Ленин району: 4-мартта саат 11:00дө Улуттук филармониянын кичи залында иш-чара өтөт. Ага Баатыр энелер, согуш ардагерлери, 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуянын катышуучуларынын аялдары жана энелери, активист айымдар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер чакырылды.

Биринчи Май району:  6-мартта саат 14:00дө Шубин атындагы музыкалык мектепте аялдарды куттукташат.

6-мартта саат 11:00дө Свердлов районунун башкармалыгы А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында майрамдык иш-чара уюштурат. Ал эми Октябрь районунун башкармалыгы 6-мартта саат 11:00дө Улуттук консерваторияда айымдарды куттукташат.

6-мартта саат 15:00дө Тарых музейинде Бишкек мэриясынын Социалдык өнүгүү башкармалыгы бул майрамга карата иш-чара уюштурат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: