Өмүрбек Текебаев: “Дооронбек Садырбаевдей патриоттор Кыргызстанда жокко эсе”



“Дооронбек Садырбаевдей патриоттор Кыргызстанда жокко эсе”,- деп билдирди бүгүн, 28-февралда “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев. Айта кетсек, бүгүн Бишкекте Кыргыз Эл артисти, кинорежиссёр жана саясий ишмер Дооронбек Садырбаевдин жаркын элесине арналып “Кыраңдан соккон жел элең, кыйналган элге дем элең” аттуу көргөзмө ачылды. Өмүрбек Текебаев мурдагы санаалашы Д.Садырбаевдин чындык жана адилеттүүлүк үчүн күрөшүп келгенин белгилеп:
“Кыргызстандын баатырлары жөнүндө сөз кылганда биринчи Дооронбек Садырбаевдин образы көз алдыга тартылат. Ал жөнөкөй таланттуу гана адам эмес, таланттуу акын, актёр жана кинорежиссёр болчу. Ал көптөгөн саясий ишмерлерге жол көрсөткөн”,- деди Текебаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

