3-мартта Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиянын отуруму өтөт
3-мартта Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында делимитация жана демаркация маселеси боюнча кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиянын отуруму өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда Тажикстандагы басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, 2-мартта Дүйшөмбүгө КРнын Вице-премьер-министри Токон Мамытов баштаган делегациянын барышы күтүлөт. Жолугушууда эки тараптуу макулдашуулардын иш жүзүндө аткарылып жатышы талкууланат.
Белгилей кетсек, 14-февралда Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстан өкмөт өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү өткөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

