Темир Сариев: "Министрликтерде айлыктын аздыгынан жакшы адистер жок болуп жатат"
“Чынын айтыш керек, министрликтерде айлыктын аздыгынан жакшы адистер жок. Болсо да потенциалы абдан төмөн. Аларды окутуп, деңгээлин көтөрүү иш-чаралары болбой жатат. Эгерде биз министрликтерде иштеп жаткан адистердин кесипкөйлүгүн көтөрбөсөк, натыйжалуу иштер болбойт. Бизге күчтүү адистер керек”,- деди экономика министри Темир Сариев.
Ошондой эле Темир Сариев төмөндөгүлөргө токтолду:
“Экономика министрлигине мен келгенде ар түрдүү семинарлар көп болгон. Карап көрсөк, баргандар жарым саат иштеп, каалаган убактарда башка иштерге өтүп кетишкен. Ошолордун баарын токтоттук”.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

