super.kg logo

“Жылдын супер актёру” наамынын ээси Бектемир Мамаюсупов Кытайга окууга жөнөтүү үчүн 5 студентти тандап алды

 
"Бектемир сиздерди Шинжаң педагогикалык университетине окууга чакырат". Сахнанын төрү дал ушундай чакырыктагы жазуу менен толукталган.
5 студентти тандап алуу үчүн уюшулган чакан сынакка зал толо студенттер, окутуучулар күбө болушту.
Ал эми сынактын катышуучулары чыдамсыздык менен жеңүүчү аталчу саатты күтүп жатышат.
Калыстардын добушунун негизинде 95 балл алып, Мураталиева Укей жолдомо ээси болду. Ага сыйлыкты продюсер Замира Сатыбалдиева тапшырууда.
Ооба, Кытайда билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондордун кубанычына чек жок эле. Сүрөтчү, актёр Дамир Абдраимов 92 балл алып, Кытайда окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон Анастасия Лимареваны куттуктоодо.
4 жашынан тарта Америкада чоңоюп, жакында гана кыргызстандык туугандарын тапкан Азиза (солдо)жеңүүчү аталган Сактанов Нурдөөлөткө диплом тапшырууда.
Аскат Шыгаев бийчилик өнөрү менен бул сынакта жеңиш ээси аталып, бактылуу 5 студенттин катарын толуктады.
96 балл алып, Кытйада жарым жыл бекер, стипендия алып окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон Абдыжалил кызы Нурайым кыялдар орундаларын катуу толкундануу менен түшүндүрүп берүүдө.

“Салам, Нью-Йорк!” тасмасы аркылуу таанылып, “Супер-Инфо” гезитинин версиясы боюнча “Жылдын супер актёру” наамына ээ болгон Бектемир Мамаюсупов Кытайдагы Синьцзян педагогикалык университетине окууга жөнөтүү үчүн кыргызстандык беш студентти тандап алды. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-февралда SUPER.KG порталына билдирди.  

10 күндөн ашык убакытта таланттуу жаштарды иргеп алып, беш студентке Синьцзян педагогикалык университетине окууга жиберүү мүмкүнчүлүгүн ыйгарган Бектемир: “38 студенттин ичинен 5 кишини тандап алдык. Өз өнөрлөрүн көрсөткөн жаштар калыстардын упайынын негизинде жолдомону утуп алышты. Калыстык милдетти продюсер Замира Сатыбалдиева, актёр, сүрөтчү Дамир Абдраимов жана 4 жашынан бери Америкада чоңойгон Азиза аттуу кыз аркалады. Жолдомо ээлери жакшы аракет кылып, өз даярдыктарын далилдей алышты. Буюрса, кийинки жылдары 5 эмес, андан көп студентти жиберүүгө аракет кылам”,- дейт.

Кошумчалай кетсек, сынактын жеңүүчүлөрү 2014-жылдын сентябрь айында Кытайга сапар алышат. Жарым жылда кытай тилин үйрөнүп, өз дареметин сынаган жаштар ал жакта калып, окуусун улантууга мүмкүнчүлүктөр бар. Алар ай сайын стипендия менен да камсыз болушат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
01.03.2014. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аззамат, эакшы кылыптыр!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: