super.kg logo
  Саясат  

Депутат Бактыгул Маматов: “Тез жардам” автоунаалары жалаң жакшылыктар үчүн кызмат кылсын”

 

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыгул Маматов бүгүн, 28-февралда тез жардам көрсөтүүчү медициналык уюмдарга “Тез жардам” унааларын салтанаттуу тапшыруу иш-чарасында “Тез жардам” автоунаалары жалаң жакшылыктар үчүн кызмат кылсын” деп билдирди. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Республикадагы медициналык мекемелерге “Тез жардам” автоунааларын сатып алуу боюнча тендердик комиссиянын мүчөсү Бактыгул Маматовдун айтымында, унааларды сатып алуу үчүн жарыяланган тендерге 20га жакын компаниялар арыз берген. 

Ачык-айкын, калыс өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгында утуп алган кыргыз-орус биргелешкен компаниясы тендердин негизинде түзүлгөн келишимдин шарттарын толук аткарып, айыл жергесине ылайыкташкан, бейтапка биринчи медициналык тез жардам көрсөтүүчү жабдыктар менен жабдылган УАЗ үлгүсүндөгү “Тез жардам” унаалары менен камсыз кылды. 

Сатылып алынган 85 даана “Тез жардам” унаасы республиканын медициналык мекемелерине бөлүштүрүлдү. 

“Адам өмүрлөрүн сактап калууга ыкчам жардам көрсөтүүдө чоң ролду ойногон “Тез жардам” унаалары эми ымыркайларды аман-эсен жарык дүйнөгө келишин шарттаган, жалаң жакшылыктарга кызмат кылсын. Мекендештерибиз оору-сыркоодон алыс болсун”,- деди депутат. 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: