Бишкек шаарындагы мектеп окуучулары кышкы каникулга 31-декабрдан баштап чыгышат
Бишкек шаарындагы мектеп окуучулары кышкы каникулга 31-декабрдан баштап чыгышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы мэриянын алдындагы билим берүү башкармалыгына шилтеме берүү менен маалымдашты. "Жергиликтүү метеокызматтан билдиришкендей, 21-декабрдан 29-декабрга чейин Бишкекте күн +4 градуска чейин жылыйт. Мектепке окуучулардын 85%ы барып жатат. Андыктан кышкы каникул Бишкектеги мектептерде планда көрсөтүлгөн датада башталмакчы" деп маалымдашты мэриянын басма сөз кызматынан. Эске салсак, кечээ, 19-декабрда Билим берүү жана илим министри катуу суукка байланыштуу бардык мектептерде каникул 24-декабрдан башталат деген маалыматты тараткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

