super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев: “Айыл өкмөттөрүнө дагы лизинг менен техника алууга укук бериш керек”

 

“Ата Мекен” фракциясынын 28-февралдагы жыйынында фракция лидери Өмүрбек Текебаев өлкөгө лизинг менен келген техникаларды да бөлүштүрүүдө маселе бар экенин билдирди. Депутаттын айтымында, айыл өкмөт башчылары тургундардын маселелерин чечүү үчүн техникаларды сатып алууга банктар уруксат бербей жатканын айтышууда. “Чынында эле айыл башчылары канал же арык казуу үчүн колдо жок техникаларды ижарага алып пайдаланганда беш эсе көп чыгым кетет. Ошол техниканы ижарага алгандын ордуна лизинг менен алып, акырындап кутулса каражатка да, убакытка да үнөм болот. Ал эми банктар айыл өкмөттөрүнүн төлөө жөндөмдүүлүгү жоктугу, мамлекеттик мүлктү күрөөгө коё албастыгы сындуу себептерди айтып, лизингге уруксат бербей келишет”,- деди Текебаев.

Депутат тиешелүү мыйзамга механикалык, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү жүргүзүү үчүн айыл аймактарына дагы лизинг менен техника алууга мүмкүнчүлүк берүү боюнча түзөтүү киргизүү зарылдыгын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: