super.kg logo
  Саясат  

Орусия: Украиналыктарга тез арада паспорт бере турган мыйзам долбоору Мамдумага киргизилди

 

Орусиянын Мамлекеттик Думасына украиналыктарга тез арада Орусиянын жарандыгын берүүгө жана коңшу өлкөнүн аймагын оңой жол менен Орусиянын аймагына кошуп алууга жол ача турган мыйзам долбоору киргизилди. Муну бүгүн, 28-февралда орусиялык ММКлар жарыялашты. Документти Сергей Миронов жетектеген “Адилеттүү Орусия” фракциясы даярдаптыр.

Орусияда көптөн бери жашабаганына карабай украиналыктарга паспорт берилмекчи. Алардан Украинанын жарандыгынан чыгуусу боюнча тийиштүү органдын чечими да талап кылынбайт. Орусия жарандыгын алгысы келген украиналыктар Орусиянын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө 1-августка чейин арыз бере алышат.

Экинчи мыйзам долбоору коңшу өлкөнүн аймагын жөнөкөйлөштүрүлгөн шартта Орусиянын аймагына кошуп алууга багытталууда. Документте өлкөгө жаңы аймак кошуу маселеси референдум аркылуу чечиле турганы көрсөтүлөт. 

Эскерте кетсек, 27-февралда Крым Автономдук Республикасынын парламент жыйынында автономиянын укуктарын кеңейтүү боюнча 25-майда референдум өткөрүү чечими кабыл алынды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: