“Кулчулуктагы 12 жыл” тасмасы “Оскар” сыйлыгына арзыды

Кечээ, 2-мартта Лос-Анжелес шаарында 86-ирет “Оскар” сыйлыгын салтанаттуу тапшыруу аземи болуп, анда “Кулчулуктагы 12 жыл” тасмасында роль жараткан Люпита Нионго экинчи пландагы актриса катары “Оскар” сыйлыгына арзыды. Ал бул сыйлык үчүн жарышта Женнифер Лоуренс (“Америкалык түрдөгү алдамчылык”), Жулия Робертс (“Август”), Жун Скуибб (“Небраска”) жана Салли Хокинс (“Жасмин”) сыяктуу атаандаштарын артка таштаган. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, 31 жаштагы мексикалык актриса Люпите Нионго тартылган “Кулчулуктагы 12 жыл” тасмасы анын карьерасындагы алгачкы толук метраждуу тасма.
Кошумчалай кетсек, андан тышкары “Далластагы сатуучулар клубу” тасмасында роль жараткан Жаред Лето экинчи пландагы мыкты актёр катары “Оскар” сыйлыгына ээ болду. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:25
2025-07-10

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
gooool

03.03.2014. 12:51
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кече кечинде кордум эле сонун кино экен....
Sheva

04.03.2014. 16:24
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен аяк жагынле коруп калдымда. Жакшы кино экен.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.