super.kg logo

"Орусияга баңгизатын ташыйт" деп шектелген аял 17 килограмм маңзат менен кармалды

 

"Орусияга баңгизатын ташыйт" деп шектелген аял 17 килограмм маңзат менен кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-март күнү Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын баңгизаттарды жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан Орусияга жөнөтүү үчүн Оштон Бишкекке героин ташуу фактысы жөнүндө маалым болгон. Тергөө иштеринин жүрүшүндө аталган окуяга түздөн-түз тиешеси бар жарандын аты-жөнү такталган. Ошондой эле ал жалдап айдатып жүргөн унаа борбордун Репин жана Космический көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан автоунаа коюучу жайда гаражда токтоп турган жеринде кармалган. Унааны текшерүүдө 34 баштыкка салынган жалпы салмагы 17 килограмм 995 граммды түзгөн героин маңзаты табылган.

Бул боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси (баңгизатын мыйзамсыз ташуу, сактоо, айлантуу) менен кылмыш иши козголду.

Кылмышка шектүү катары 1977-жылы Жалал-Абад шаарында төрөлгөн Ж.Венера кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: