super.kg logo
  Спорт  

Хоккей боюнча Азиянын Чакырык Кубогунун финалында Кыргызстан акыркы мүнөттөрдө Макаого уттуруп жиберди (фоторепортаж)

 
Бул күнү 4 команда кайрадан Шаардык муз аянтына чогулду. Сингапур менен Индия 3-орунду талашса, Макао менен Кыргызстандын ортосунда 1-орун үчүн айыгышкан беттеш жүрдү.
Коноктордун дарбазачысы мыкты оюн көрсөттү.
Оюндун экинчи 20 мүнөттүгү 4:4 эсебинде жыйынтыкталды. Жыйынтыктоочу бөлүктө коноктор бешинчи шайбаны салып, алдыга чыгышты.
Кыргызстандык хоккейчилер суй жыгылганча оюн көрсөтүшкөнү менен, эсепти теңей алышпады.
Макаонун дарбазачысы "Мелдештеги мыкты дарбазачы" наамына ээ болду.
Оюндарга билеттер 200 сомдон сатылды. Толо келген эл алтын күткөнү менен, тилекке каршы, хоккейчилерибиз күмүш медаль тагынып калышты.
Чет өлкөлөрдөн келген калыстарга ыраазычылык айтылды.
Макао курама командасынын гимни обого жаңырууда.
Кыргызстан курама командасы...
Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Сергей Шавернев бул мелдеш кыргызстандыктарга тажрыйба алып келгенин, чынында, макаолуктардын деңгээли жогору экенин белгиледи.

Кечээ, 2-мартта хоккей боюнча Азиянын Чакырык Кубогунун финалы орун алып, Кыргызстан акыркы мүнөттөрдө Макао курама командасына уттуруп жиберди.

2-мартта Шаардык муз аянтында орун алган беттеш курч мүнөздө өттү. Алгачкы эки 20 мүнөттүктө 4:4 эсебиндеги тең чыгуу катталды. Ал эми жыйынтыктоочу бөлүктө Макао курама командасы жеңиш голун жаратууга жетишип, 5:4 эсебинде утуп алды.

Ал эми 4 команданын ичинен 3-орунду Сингапур жана Индия курама командалары беттешип, жыйынтыгында Сингапур жеңишке жетишти.

Кошумчалай кетсек, хоккей боюнча Азиянын Чакырык Кубогу Бишкек шаардык муз аянтында 24-февралда старт алган. Алгач Кыргызстан, Индия, Сингапур жана Макао курама командалары тайпадан чыгуу үчүн өз ара оюн өткөрүшкөн. Кыргызстан мелдеш алкагында финалга чейин бардык атаандашын (анын ичинде Маккаону) утуп келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: