Бишкектеги жол кырсыгынан №266-каттамдагы кичи автобустун 14 жүргүнчүсү жабыркады
Бишкектеги жол кырсыгынан №266-каттамдагы кичи автобустун 14 жүргүнчүсү жабыркады. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 2-март күнү Байтик-Бишкек унаа жолунда М.Ж. аттуу жарандын башкаруусундагы кичи автобус Мамлекеттик резиденциянын жанындагы бурулушта оодарылып кеткен. Анын кесепетинен 14 жүргүнчү ар кандай жарааттарды алышып, ооруканага жеткирилген. Ошол учурда жардам көрсөтүү үчүн бара жаткан “Тез жардам” унаасы дагы Тынчтык проспекти менен Түштүк магистралдын кесилишинен жол кырсыгына кабылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.