Аксыда коркутуп акча талап кылуу фактысына шектелип кылмыштуу топ кармалды
2014-жылдын 26-февралынан 27-февралына
караган түнү саат 02:30 чамасында Аксынын Тегене айылына караштуу Алча аймагынын тургуну Калыбеков Саматбектин үйүнө бет кап кийген азиат улутундагы белгисиз 4 адам кирип, үй-бүлө мүчөлөрүн жыгач таяктар менен уруп-сабап, ооздорун скотч менен чаптап, акча талап кылышкан. Алар үйдүн чоң бөлмөсүндө жыйылып турган жууркан-төшөктөрдүн арасына катылган 26 000 сомду, баасы 15 000 сомдук алтын чынжырчаны (цепочка) жана столдо турган 2 даана баасы 3000 сомдук «Нокиа» үлгүсүндөгү уюлдук телефондорун алып, окуя болгон жерден из жашырышкан. Натыйжада денесинен ар кандай жаракат алган жабырлануучулар С.Калыбеков менен анын келинчеги А.Турсунбекова Аксы РИИБине арыз менен кайрылышкан. Аталган окуя боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин 2-бөлүмү
(каракчылык) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта Жалал-Абад ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Дамира Арстанова
Учурда бул кылмышка шектелип К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү С.Анаркулов жана анын шериктери кармалып, Аксы РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
eblk

04.03.2014. 01:18
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы эле Колбаевдин уйушкан тобу.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.