super.kg logo

Казакстанда автокырсыктан кыргызстандык 9 жаран каза болду

 

2-мартта Казакстандын Алматы-Ташкент унаа жолунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен Кыргызстандын 9 жараны каза тапты. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар боюнча министрлиги маалымдайт.

Жол кырсыгы саат 21:40 чамасында болгону айтылууда. VanHool үлгүсүндөгү автобуста 2 айдоочу жана 53 жүргүнчү болгон. Ал эми Мерседес үлгүсүндөгү кичи автобуста канча адам болгону тактала элек. Анын айдоочусу Садыков К. экени аныкталды.

“Жол кырсыгынын кесепетинен Мерседес унаасынын айдоочусу жана 8 жүргүнчү каза болду. Алардын бардыгы Кыргызстандын жарандары экени аныкталды. Учурда алардын аты-жөнү такталып жатат”,- деп кабарлайт аталган министрлик.

Мындан тышкары 11 адам ооруканага жеткирилди. Алар:

1) Пирматова Д., 1988-жылы туулган (Өзбекстандын жараны);

2) Курманалиева Э., 1975-жылы туулган (Кыргызстандын жараны);

3) Айтжигитов К., 1949-жылы туулган (жарандыгы белгисиз);

4) Аширов С., 1964-жылы туулган (жарандыгы белгисиз);

5) Нурматова Г., 1967-жылы туулган (жарандыгы белгисиз);

Калган 6 адамдын аты-жөнү аныктала элек.

Кыргызстандын эки жараны Апыш К. (1958-ж.т.) жана Казаманов М. (1970-ж.т.) медициналык жардам алып, ооруканага баруудан баш тартышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
03.03.2014. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аты жону такталып,жарандыгы белгисиз?....кандай тушунсо болот?каза болгон боордоштордун туугандарына,жакындарына терен кайгыруу менен конул айтып,кайрат кылыныздар дейм
03.03.2014. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кайгылуу кырсык болуптур,каза болгондордун кобу кыргыз жарандарго жакындарына кайрат берсин кудайым!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: