Балбан Базар Базаргуруев Монголиядагы мелдеште күмүш медаль тагынды
Кыргызстандык балбан Базар Базаргуруев кечээ, 3-мартта жыйынтыкталган эркин күрөш боюнча “Mongolia Open-2014” Эл аралык мелдешинде күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, Улан-Батордо орун алган мелдешке АКШ, Болгария, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Нигерия, Орусия, Тажикстан, Түндүк Корея, Украина жана Япония сыяктуу мамлекеттерден 200дөн ашуун балбан катышкан.
65 килограмм салмакта күрөшкө түшкөн Базар Базаргуруев финалдык беттеште монголиялык балбанга утулууга мажбур болгон. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.