16 жашка чыга электер SIM-картаны жакындары аркылуу ала алышат
“Уюлдук байланыш кызматтарын көрсөтүү боюнча келишим түзүү уюлдук операторлордун тейлөө кеңселеринде, расмий соода түйүндөрүндө жүргүзүлөт. Келишим түзүү үчүн өздүгүн тастыктаган документтердин бирин көрсөтүү зарыл. 16 жаштан өткөн бардык жарандар номурду каттоодон өткөрө алат. Көрсөтүлгөн жаш куракка жете электер SIM-картаны жакындары аркылуу ала алышат. Персонификациялоо акысыз жүргүзүлөт”,- деди Мамлекеттик байланыш агенттигинин директору Чыңгыз Бекташов.
Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 17-февралында “Зымсыз радиотелефон байланыш кызматтарын көрсөтүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтом кабыл алынган. Ал токтом 8-марттан тарта күчүнө кирет. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

