Буга чейин келишим түзбөстөн SIM-картаны пайдаланып жүргөндөр бир жылдын ичинде каттоодон өтүүсү керек
“Бардык кыргызстандыктар өз номурларын каттоодон өткөрүшү керек. Буга чейин SIM-картаны сатып алып, уюлдук оператор менен келишим түзбөстөн пайдаланып жүргөндөр бир жылдын ичинде өзүнүн SIM-картасын каттоодон өткөрүүсү талапка ылайык. 2014-жылдын 8-мартынан тарта ар бир абонент SIM-картаны сатып алып жатканда келишим түзөт. Келишим бардык байланыш операторлору үчүн кызмат көрсөтүүнүн негизги нормаларын жөнгө салууга шарт түзөт”,- деди бүгүн, 4-мартта Мамлекеттик байланыш агенттигинин директору Чыңгыз Бекташов.
Анын айтымында, персонификациялоонун негизги артыкчылыгы - алдамчылык аракеттерден коргоого, SIM-карта же уюлдук телефон жоголгон учурда калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк бергенинде.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















