Кыймылсыз мүлк агенттигинде иштеп, жарандарды алдаган аял кармалды

Кыймылсыз мүлк агенттигинде иштеп, жарандарды алдаган аял
кармалды. Бул тууралуу 4-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Маалыматка
ылайык, Ленин РИИБине А.А. аттуу жаран арыз менен кайралган. Ал Усова Ирина менен Кенжебекова Ольга алдап, анын батирине ээлик кылып
алганын айткан жана аларга карата чара көрүүнү суранган. Тергөөнүн жүрүшүндө
А.А. шартына байланыштуу батирин күрөөгө коюп, 15 миң доллар каражатты карызга
алууга мажбур болгон.
Карызы көбөйгөндө жардам бере турган адамдарды издеп
жүрүп И.Усова менен О.Кенжебековага кезигип калган. Усова Кыймылсыз мүлк
агенттигинде иштегенин айтып, тааныштары аркылуу жардам берерин билдирген. Ал эми
Кенжебекова өзүн адвокат катары тааныштырып, "турак жай маселесин чечип берем" деген. Кылмышка шектүүлөр турак үйдү сатуу боюнча келишим түзүшүп, А.Аны кол
коюуга көндүрүшкөн.
Маалым болгондой, кийинчерээк И.Усова менен О.Кенжебекова
батирди үчүнчү жакка өткөрүп, 28 миң доллар алышкан. Аталган факты боюнча КРнын
Кылмыш-жаза кодексинин “алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Иликтөөнүн жүрүшүндө Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери тарабынан Ирина Усова
кармалып, убактылуу кармоочу жайга жеткирилди. Ал эми О.Кенжебековага эл
аралык издөө салынды.
Кылмышка шектүүлөрдөн жабыркагандар Райондук ички иштер
башкармалыгына 0553 102 824, 0553 102 792 телефондору
аркылуу байланышса болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.