АКШ менен Улуу Британия Сочиде боло турган паралимпиадалык оюндарга өкмөт өкүлдөрүн жөнөтүүдөн баш тартышты
Бүгүн, 4-мартта чет элдик маалымат каражаттары АКШ менен Улуу Британия Сочиде боло турган паралимпиадалык
оюндарга өкмөт өкүлдөрүн жөнөтүүдөн баш тартышкандыгы тууралуу жазып чыгышты. Мындай билдирүүнү АКШнын президенттик администрациясы тараткан.
Автор: Дамира Арстанова
Маалыматка ылайык, эки өлкө мындай чечимди кабыл алышканын Орусия менен Украинанын ортосундагы
кырдаалга байланыштуу деп түшүндүрүшкөн. Ошондой эле мындай чечимдин айынан америкалык 80
спортчу аталган спорттук иш-чарага катышпай кала тургандыгы айтылган.
Белгилей кетсек, Сочи паралимпиадалык оюндары 7-мартта башталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:25
2026-02-22
16:15
2026-02-21
15:31
2026-02-21
14:45
2026-02-21
10:22
2026-02-21
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















