super.kg logo
  Саясат  

Ростов-на-Дону кардиохирургиялык борбору Украина президенти Виктор Януковичтин кайрылбаганын билдирди

 

Бүгүн, 4-мартта орусиялык маалымат каражаттары Ростов-на-Дону кардиохирургиялык борбору Украина президенти Виктор Януковичтин аталган ооруканада каза тапкандыгы тууралуу тарап кеткен маалыматты четке каккандыгын жазып чыгышты. Ал гана эмес, кызматкерлер ал кишинин аталган борборго кайрылбаганы тууралуу айтышкан.

Маалыматтын сары изине түшкөн журналисттер Облустук саламаттык сактоо министрлигине чейин чалып, Януковичтин ооруканага кайрылгандыгы тууралуу маалымат жок экенин билишкен.

Эске салсак, бүгүн таң эрте "3-мартта кечинде Виктор Януковичтин жүрөгү кармап, Ростов-на-Донудагы клиникалардын биринде көз жумду" деген маалымат тараган эле. Мындай маалыматты Евромайдандын активисти Михаил Лебедь клиникада иштеген досунун айтуусу боюнча өз баракчасына жарыяланган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: