Кыргызстан кыргыз-тажик чек арасындагы бардык көзөмөл- өткөрүү бекеттерин ачат

Кыргызстан 5-март күнү эртең
менен кыргыз-тажик чек арасындагы бардык көзөмөл-өткөрүү бекеттерин ачат. Бул тууралуу
тажикстандык басылмалар жазып чыгышты.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
"Мындай чечим 3-мартта Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында
делимитация жана демаркация маселеси боюнча Кыргыз-тажик өкмөттөр аралык
комиссиянын отурумунда кабыл алынды” деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары
чек арада чыр чыккан учурда ок атуучу куралды колдонбоо тууралуу
сүйлөшүүлөр жүргөн. Дүйшөмбүдөгү сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө талаш-тартыш жараткан
аймакта тараптар эки көпүрө куруу чечимине келишкен. Бирин Тажикстан, экинчисин
Кыргызстан курат. Ошондой эле марттын аягында Тажикстанда кезексиз отурум
өткөрүүнү айтышты.
Эске салсак, 11-январдагы кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан улам Кыргызстан бир тараптуу негизде көзөмөл-өткөрүү бекеттерин жапкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

