Быйыл ирригациялык тармактагы оңдоп-түзөө иштерине 106 миллион сом каралды
Быйыл ирригациялык тармактагы оңдоп-түзөө иштерине 106 миллион сом каралды. 1-мартка карата 24 миллион сомдук жумуштар аткарылган. Бул тууралуу Айыл чарба жана мелиорация министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, бул күнгө чейин 92 чакырым канал оңдоп-түзөөдөн өтсө, 42 чакырым канал тазаланды.
Жалпы ирригациялык тармактагы оңдоп-түзөө иштеринде 1071 адам эмгектенүүдө. Ошондой эле 25 жүктөгүч, 14 бульдозер, 13 трактор, 2 кран, 72 унаа ишке тартылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

