Бишкекте 15-17 жаштагы кыздар иштеген сойкукана табылып, кылмыш иши козголду
"Бишкектин Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан сойкуканада жашы жете элек кыздар иштеген",- деп бүгүн, 4-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Нургазы Аматов
Маалым болгондой, аталган жыныстык кызмат көрсөткөн уюкта Кыргызстандын аймактарынан келген 15-17 жаштагы кыздар сойкулук менен алектенишкен. Жыныстык кызматтын баасы 1000 сомдун тегерегинде болгон.
"Сойкукананын ээси 37 жаштагы Т.Гүлбара өзү мурун сойку болгон экен. Эми жаш кыздарды иштетип жатыптыр. Андан тышкары 21 жаштагы М.Диана кармалды. Ал ишкананын администратору кызматында иштеген. Т.Гүлбара жана М.Диана убактылуу кармоочу жайга отургузулду",- деп билдирет Бишкек ШИИББи.
Бул факты боюнча "сойкулукту уюштуруу же аны кармоо" беренесинин негизинде кылмыш иш козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

9:35
2025-06-26

23:03
2025-06-25
Рейтинг:
4

Эмоцияны кармап, кемсинткен, коомдук этикага туура келбеген сөздөрдү жазуудан алыс болсоңор.