super.kg logo
  Саясат  

Карганбек Самаков: "Кыргызстандын аймагында 650 күрөөкана иштейт. Алардын иши бир да мамлекеттик орган тарабынан көзөмөлгө алынбайт"

 

Бүгүн, 4-мартта ЖКнын Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынынын жүрүшүндө депутат Дастан Бекешев КР Өкмөтү менен КР Улуттук банкына тез арада «Күрөөгө алуу ишмердүүлүгү жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгуу сунушун айтты.

Анын айтымында, өлкөнүн бардык аймактарындагы күрөөканалардын ишинде баш аламандык өкүм сүрүп, көптөгөн жарандардын убалына калууда. «Күрөөканалар кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдөн тарта тирүү жандыктарга чейин күрөөгө ала берет экен. Мүлктүн кандай шартта алынып жатканы эч кимге белгисиз. Алардын иши Улуттук банктын көзөмөлүнөн чыгып калган. Ошондуктан күрөөгө алуу ишин мыйзамдуу тартипке салуу милдети турат»,- дейт ал.

Ал эми Тармактык комитеттин төрагасы Карганбек Самаков депутаттын сунушун колдоо менен ушул тапта Кыргызстан аймагында 650 күрөөкана иштеп жатканын билдирди. «Күрөөканалардын иши бир дагы мамлекеттик орган тарабынан көзмөлгө алынбайт. Алардын мүлктү күрөөгө алуу, каттоо жана сактоо жоболору жок. Далай адамдардын тагдыры талкаланып жатканын көрүп турабыз. Эмнегедир өкмөт дагы, Улуттук банк дагы ушул кезге чейин унчукпай келет»,- деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: