Бишкекте зордуктоо фактысы боюнча шектелип бир жаран кармалды
Бишкекте зордуктоо фактысы боюнча шектелип бир жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда Бишкек шаардык ИИББдин басма сөз кызматы билдирди. Укук коргоо кызматкерлерине 1986-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну Д.М. кайрылган. Жабырлануучунун арызында Кадыр аттуу жигит күч колдонуп зордуктап койгондугу тууралуу жазылат. Тиешелүү чаралар көрүлгөн соң аталган кылмышка шектүү делип 1989-жылы туулган К.К. кармалып, камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.