Жогорку Рада Украинадан Орусия аскерлерин чыгаруу боюнча чечим кабыл алды
Жогорку Рада Украинанын аймагынан чет элдик аскер күчтөрүн чыгаруу боюнча кайрылууну колдоду. Бүгүн, 4-мартта чет элдик маалымат булактары жарыялагандай, мындай сунушту өлкө президентинин милдетин аткаруучу Александр Турчинов киргизген. Айтымында, Крымдагы Орусиянын кысымын жоготуу үчүн алардын аскер күчтөрүн өзүнө тиешелүү аймакка кайтарыш керек.
“Биздин өлкөнүн ички ишине кийлигишүүнү токтотуш керек”,- дейт Турчинов.
"Украинага чет элдик аскер күчтөрүн киргизүүнү өлкө парламенти гана чечет" деген сунушту да колдоду Жогорку Рада.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

