Ош. Алай районунда Мамлекеттик желек жана Ак калпак күнү белгиленди
Алай районунун борбору Гүлчө айылында 3-Март - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегинин күнү, 5-Март - Ак калпак күнүнө карата майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу райондук администрациянын басма сөз катчысы Кыялбек Мажитов билдирди.
Катышуучулар Алай райондук мамлекеттик администрациясынын алдынан Курманжан датка тарыхый-этнографиялык музейине чейин жөө жүрүштөн өтүштү. Акцияга Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары М.Зикиров, Ош облусунун эмгек, миграция жана жаштар бөлүмүнүн өкүлү И.Эрматов, Т.Белекбаев жана башкалар катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө жаштарды патриоттуулукка, мекенди сүйүүгө үндөгөн сөздөр айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















