super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абад. Студенттер арасында ой чабыты боюнча интеллектуалдык мелдеш болуп өттү

 

Бүгүн, 4-мартта Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик институтунда студенттер арасында ой чабыты боюнча интеллектуалдык мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын негизги максаты студенттердин окууга болгон кызыгуусун арттыруу болуп эсептелет.

"Ой чабыты" интеллектуалдык клубунун жетекчиси Барно Хасанова: “Мындай оюндар ар жылы февраль, март айларында өткөрүлөт. Катышуучулар 4 командага бөлүнүштү, ар тармактан жана Кыргызстанга тиешелүү логикалык суроолор болду. Ар бир жаран өзүнүн мекени тууралуу билүүсү шарт. Мындай кызыктуу оюндар студенттердин билимге умтулуусун, кызыгуусун арттырат деп ойлойм”,- дейт.

Белгилей кетсек, окуу жай тарабынан бүгүнкү өткөрүлүп жаткан оюнга 7 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. 

1-орунга 1600 сом, 2-орунга 1200 сом, 3-орунга 1000 сом, ошондой эле 4-орунга 800 сом бөлүнүп, сыйлыктар өз ээлерине тапшырылды. Катышуучулардан сырткары келип көргөн студенттер арасында да суроо-жооптор болуп, аларга да акчалай сыйлыктар каралган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: