super.kg logo
  Саясат  

"Билим берүү секторундагы реформаларды колдоо" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

 

Бүгүн, 4-мартта Алмазбек Атамбаев 2013-жылдын 9-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Билим берүү секторундагы реформаларды колдоо" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду. 

Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине белгиленген тартипте Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына (Дүйнөлүк банк) Кыргыз Республикасы жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө кабарлоо милдети тапшырылды. 

Мыйзам КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 20-февралында кабыл алынган жана расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: