super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абадда 60 жаштар чамасындагы эркек кишинин жансыз денеси табылып, өздүгү аныкталбай жатат

 

Жалал-Абадда 60 жаштар чамасындагы эркек кишинин жансыз денеси табылып, өздүгү аныкталбай жатат. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта Жалал-Абад шаарына караштуу Тукубай Тайгараев аймактык башкармалыгынын аппаратынын кезектеги жыйынында белгилүү болду.

Жыйындын жүрүшүндө көчө комитеттери өздөрүнүн башкармалыктарында жүрүп жаткан жазгы талаачылык иштери, көрктөндүрүүнүн үч айлыгы, кылмыштуулук жана коомдук тартип маселелери туурасында маалымат беришти.

Тайгараев башкармалыгынын аймактык тескөөчүсү Сатар Маматов ушул жылдын 1-февралында Тайгараев аймактык башкармалыгынын чек арасынан азиат улутундагы 55-60 жаштардагы эркек кишинин жансыз денеси табылып, бирок ушул күнгө чейин анын өздүгү аныкталбай, өлүктөрдү сактоо жайында турганын билдирди. Анын ким экенин тактоо кыйынчылык жаратып жатканын кошумчалап, айыл башчыларынан жардам берүүсүн суранды.

Ошондой эле мал уурулук боюнча бир кылмыш иши козголуп, ал ууру кармалганын айтты. Мындан сырткары социалдык маселелерди, жарандык паспорт берүүдө эл мүдөөлөрүн үзгүлтүксүз чечүүнү жана жер тилкелерин тактоону аймактык башкармалыктын башчысы Тумар Райимбердиев белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: