“Кыргызалтын” ишканасы өлкөдөгү юридикалык компаниялардын кеңеш берүү кызматына тендер жарыялады
Сынакка укуктук жана жеке менчиктин түрүнө карабай Кыргызстандын аймагында катталган, негизги ишмердүүлүгү юридикалык кеңеш берүү болгон, өкмөт жана “Кыргызалтын” менен кызыкчылыктардын чыр-чатагы жок бардык юридикалык тараптар катыша алат. Ошондой эле сынакка катышуучулар 3 жылдан кем эмес коммерциялык, корпоративдик укук чөйрөсүндө ишмердүүлүк жүргүзгөн, эл аралык жана ата мекендик келишимдерди түзө билүүсү абзел.
Сынакка катышуу үчүн сунуш-арыздар техникалык тапшырмаларды аткаруу боюнча сунуштарды жана кеңеш берүү кызматынын төлөмдөрүн көрсөтүү менен бекитилген конвертте 2014-жылдын 14-мартында саат 17:30дан кечигүүсүз төмөндөгү дарекке келүүгө тийиш: Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү-195, Консультативдик кеңешинин катчылыгы.

