super.kg logo
  Саясат  

Евромайданда митингчилердин алдында ырдаган украиналык ырчы Руслананы Мишель Обама эрдиги үчүн сыйлады

 
Сыйлык тапшыруу учурунда...

АКШнын президенти Барак Обаманын жубайы Мишель Обама кечээ, 4-мартта украиналык ырчы айым Руслананы адамдарды өнүктүрүүгө, аларга көмөктөшүүгө кошкон салымы үчүн ыйгарылуучу “International Women of Courage” ("Эрдик көрсөткөн айымдар") сыйлыгы менен сыйлады. АКШнын Мамлекеттик департаменти тарабынан жылына тапшырылуучу сыйлык Руслананын Евромайданда оппозиция тарабында болгону менен түшүндүрүлөт. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Руслана өмүрүнө коркунуч келгенине карабай Евромайданга барып, митингчилердин алдында ырдаган.

Сыйлык тапшыруу аземи АКШнын Мамлекеттик департаментинде өттү.

Кошумчалай кетсек, Руслана 2004-жылы “Евровидение” сынагын утуп алган. Кийин ал Украинанын Жогорку Радасына депутат болуп шайланган. Ал Майданга активдүү катышып, алгачкы апталардан тарта эл алдында Украинанын гимнин ырдап турган.  

Эске салсак, 2011-жылы 8-мартта КРнын мурдагы Президенти Роза Отунбаева да бул сыйлыкка татыктуу болгон. Сыйлык тапшыруу аземи АКШнын Мамлекеттик департаментинде өткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: