super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Баатырбеков, депутат: “Диний ишениминен улам аскерде кызмат өтөөгө болбой турган жарандар акча төгүүгө тийиш”

 

Кыргызстанда диний ишениминен улам аскерде кызмат өтөөгө болбой турган жарандар атайын эсепке ордун толтуруу төлөмүн төгүүгө тийиш. Муну 4-мартта ЖКнын депутаты Алмазбек Баатырбеков билдирди. Ал мындай пикирин “КРнын жарандарынын жалпы аскердик милдети жана альтернативдүү кызмат жөнүндө” КРнын мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам долбооруна түшүндүрмө берип жатып билдирди.

Айтымында, киргизилип жаткан түзөтүүлөрдө диний ишенимдери Куралдуу күчтөрдө кызмат өтөөгө жол бербеген жарандардан алынуучу төлөмдөрдүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын атайын эсебине келип түшүшү камтылган. “Бул эсептеги каражат социалдык багытта, кандайдыр бир өзгөчө кырдаал түзүлгөндө, табигый кырсыктар болгон учурларда пайдаланылат”,- дейт ал.

Депутат мыйзам долбоорунда диний ишенимдерине байланыштуу Куралдуу күчтөрдө кызмат өтөй албаган жарандарды коомдук жана мамлекеттик иштерге тартуу чаралары да каралганын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: