Кыргызстанга 6 баласын калтырып, Орусияга иштөө максатында кеткен аялды Миграция кызматы өз мекенине жөнөттү

Кыргызстандын 39 жаштагы жараны Умидахон Мурова (ред. фамилиясы өзгөртүлгөн ) мекенине 6 баласын калтырып, Орусиянын Омск облусуна иштөө максатында кетип, ал жактан депортацияланды. Бул тууралуу орусиялык ММКлар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, аялдын миграциялык каттоодо турган мөөнөтү аяктаганда, ал тийиштүү документтерди тапшырган эмес. Миграция кызматынын өкүлдөрү аялдын кайсы жерде иштегенин аныкташкан жок.
“Омск облусунун Омск районунун сотунун токтомунун негизинде аял Орусиядан депортацияланды”,- деп билдирет ММКлар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
-1

