Депутаттар 1 кап ун 500 сомго кымбаттаганын айтышты
Жогорку Кеңештин 5-марттагы жыйынында депутаттар өлкөдө сомдун курсунун кескин түшүп кетиши боюнча маселени тез арада кароо керектигин айтышууда. Депутат Ташполот Балтабаев өлкөдө баалар кымбаттап кеткенин белгиледи. “Акыркы апталарда бир кап ун 500 сомго кымбаттаптыр. Ишкерлер товарын базарга алып чыкпай басып отурушат, баалардын дагы кымбатташын күтүп. Казакстанда мындай көрүнүштү бир аптада жөнгө салды. Биздин өкмөт үн катпай отурат. Бул элдин чоң нааразычылыгын жаратууда”,- деди депутат.
Депутат Өмүрбек Абдрахманов төрага Асылбек Жээнбековго “сиз өткөн аптада командировкага кетип калып, сомубуз кулап түштү” деп, маселени жакын арада кароону сунуштады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

