super.kg logo
  Саясат  

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Сот системинин кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

 

Бүгүн, 5-мартта президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Сот системинин кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

"Урматтуу судьялар жана сот системинин кызматкерлери, сот коомчулугунун өкүлдөрү! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Кыргыз Республикасынын Сот системинин күнү менен куттуктайм! 

Кыргызстан укуктук мамлекетти курууга багыт алды. Өлкөдө коррупция жана кылмыштуулук менен аёосуз күрөш жүргүзүлүп жатат. Бүгүн өлкөбүз мыйзамдын диктатурасына муктаж. Кыргызстанга жарандардын укуктарын жана эркиндигин, улуттук кызыкчылыктарды коргоого жөндөмдүү, күчтүү, көз карандысыз жана жоопкерчиликтүү сот бийлиги керек.

Сот системиндеги реформалар карапайым элдин турмушуна орчундуу өзгөрүүлөрдү алып келүүгө тийиш. Соттордун адилеттүүлүгү жана калыстыгы, судьялардын абийирдүүлүгү жана тазалыгы турмуш чындыгына айланышы керек.

Коомдогу туруктуулукту сактап калуу, элдин бийликке жана адилеттүүлүккө болгон ишенимин арттыруу сиздердин ишиңиздерге байланыштуу экенин унутпасаңыздар. Милдетиңиздерди так аткарып, карапайым жарандарыбыздын үмүтүн актайсыздар деп ишенем",- деп жазылат президенттин куттуктоосунда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: