Ташполот Балтабаев төрагага “өкмөткө ишеним көрсөтпөө үчүн кол коюп берип, анысын кайра чакыртып алган “баатырлардын” аттарын атаңыз” деди
ЖКнын 5-марттагы жыйынында депутат Ташполот Балтабаев төрага Асылбек Жээнбековго кайрылып, “өкмөткө ишеним көрсөтпөө үчүн кол коюп берип, кайра анысын чакыртып алган депутаттардын аттарын атаңыз” деди. Айтымында, алгач макул болуп, кайра оюнан кайтып кеткен “баатырларды” эл билиши керек. Айрым депутаттар коюлган колду кайра кайтарып алууга мүмкүн эмес экенин айтып чыгышты.
Асылбек Жээнбеков алардын тизмеси колунда жок экенин айтып, жооп берген жок.
Эскерте кетсек, өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгесине 47 депутат кол коюп бергенин бүгүн “Республика” фракциясынын лидери Назарали Арипов билдирип, өкмөт өкүлдөрү депутаттардын үйүнө чейин барып соодалашып жатканын айтып чыкты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

