super.kg logo
  Саясат  

"Ак-Тилек жаңы конушунда тургундар эч кимге ээ-жаа бербей калышты" дейт конуштун квартал башчысы Улукбек Саманбеков

 

Бүгүн, 5-мартта Бишкек шаарынын 2014-жылдагы бюджети боюнча коомдук талкуу өтүп жатат. Анда Ак-Тилек жаңы конушунун квартал башчысы Улукбек Саманбеков конуштагы бир катар маселелерге токтолду.

Көпчүлүк учурларда “Тез жардам”, өрт өчүрүүчүлөр конушту таппай кыйналышат. Ошондой эле көчөлөрдү жарыктандыруу жолго коюлган эмес. Жолдорубуз кайык менен эле жүрө тургандай болуп калды. Бул сыяктуу маселелер толуп жатат. Ушуларды чечүүнү бюджеттен карап берсеңиздер”,- деди.

Ал эми шаар бийлигинин өкүлү жогорудагы маселелерди чечүү республикалык бюджеттен караларын айтты. Мындан сырткары квартал башчы конуштагы ээнбаштарга чара көрүүнү суранды: “Конуштагы айрым тургундар септикти жол жээктерине куруп жатышат. Андан жагымсыз жыт чыгат. Ошондой эле айрымдары шиферден аккан сууларды жолго агызып коюшууда. Демократия деп эле эч ким ээ-жаа бербей калды. Ушуларга бир чара көрсөңүздөр”.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: