super.kg logo
  Саясат  

Дамира Ниязалиева: “Элибиз кедей” деп эле баарын жей беришибиз керекпи?”

 

“Элибиз кедей” деп эле баарын жей беришибиз керекпи?”- деп билдирди ЖКнын 5-марттагы жыйынында депутат Дамира Ниязалиева. Айтымында, өлкөгө ГМО азыктарын алып кирүүгө жана аны мамлекетте өнүктүрүүгө тыюу салуу зарыл. “Эмне “кедейбиз” деп эле келечек муунду ар кандай ооруга түртө беришибиз керекпи? Улуттун ден соолугун ойлошубуз керек да. Бул өтө жакшы мыйзам, колдошубуз зарыл”,- деди депутат.

Айта кетсек, жыйында экономика министри Темир Сариев: “Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчөбүз. Анда өзүнчө нормалар бар, аны кантебиз? Элдин жашоосу кыйындайт. Өлкөдө ГМО азыктарын өндүрүүнү токтотууну колдойм”,- деди. 

Генетикалык модифицирленген организм (ГМО) - жасалма азыктар, башкача айтканда, атайын химиялык каражаттардын жардамы менен өндүрүлгөн жер-жемиштер. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: