Эркингүл Иманкожоева: "Генетикалык модифицирленген организмдин үрөнүн себе берсек, айдоо жерлерибизден айрылабыз"
ЖКнын 5-марттагы жыйынында депутат Эркингүл Иманкожоева "ГМО үрөнүн себе берсек, айдоо жерлерибизден айрылабыз" деп билдирди. Айтымында, аталган элементти камтыган үрөн себилген жерге кайрадан таза өсүмдүк өспөйт. "Бир-эки жыл жакшы түшүм алабыз, андан кийин жерди бузабыз. Анткени жер ГМО үрөнүн гана талап кылып калат",- деди эл өкүлү.
Депутат Дамира Ниязалиева дүйнөдө 56 өлкө ГМО азыктарына чек койгонун билдирди.
Генетикалык модифицирленген организм (ГМО) - жасалма азыктар, башкача айтканда, атайын химиялык каражаттардын жардамы менен өндүрүлгөн жер-жемиштер. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















