Бишкекте кылмыш жасоого шектүү 3 жаран кармалып, камакка алынды
Бишкекте кылмышка шектүү 3 жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Бишкек шаардык ИИББи билдиргендей, 19-декабрь күнү саат 22:00дөр чамасында шаардын Медеров көчөсүнөн милиция кызматкерлери Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унааны токтотуп, текшерүүгө алышкан. Унаанын ичинде 3 жигит болуп, тинтүү учурунда алардын жанынан жыгач таяк, ок атуучу курал, 9 патрон, мээлей, кара чүмбөт, газ тапанчасынын магазиндери табылган. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери уланып жатканын билдирет Бишкек шаардык ИИББи.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

