super.kg logo
  Саясат  

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жусупжан Жээнбеков айымдарды 8-Март майрамы менен куттуктады

 

Бүгүн, 5-мартта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жусупжан Жээнбеков айымдарды 8-Март майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Майрамдык иш-чара Барпы атындагы драма театрында болуп, ага облустун аймагынан бардык тармакта иштеген аялдардын өкүлдөрү чакырылып, Ардак грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Жусупжан Жээнбеков: “Аялдар - коомдун өнүгүүсүндөгү зор күч. Облустун калкынын санынын 49 пайызын аялзаты түзүп, учурда мамлекетибиздин өсүп-өнүгүүсүнө, экономика, билим, илим, техника, айыл чарба жана башка бардык тармактарда эбегейсиз салым кошуп келишет. Коомубузда активдүү позицияны ээлеп, өлкөбүздүн ички жана тышкы саясатында саясий ишмердүүлүктөрүн далилдеп, өлкө жүгүн моюнуна алган мырзалар менен катарлаш келе жатканына мезгил күбө”,- деп жалпы аялзатын куттуктады.

Мындан тышкары майрамдык салтанатка облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери катышышты.

Иш-чара Барпы театрынын жана филармониянын ырчыларынын катышуусундагы концерттик программа менен коштолду. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: