super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева сот кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

 

Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева бүгүн, 5-мартта сот кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Муну аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

 “Урматтуу судьялар, кесиптештер жана жалпы сот аппаратынын кызматкерлери! Сиздерди бүгүнкү Сот тутумунун кызматкерлеринин күнү - кесиптик майрамыңыздар менен куттуктап, профессионалдык жетишкендиктерди, бекем ден соолукту жана күч-кубат каалайм.

Биздин өлкөдө сот бийлигинин беделин бекемдөө судьялардын профессионалдуулугу, алардын объективдүүлүгү жана адилеттүүлүгү менен байланыштуу. Ошону менен бирге сот адилеттигин ишке ашырууда жана мамлекеттик мекеме катары соттун ишмердүүлүгүн уюштурууда маанилүү кызматты аткарган соттордун аппарат кызматкерлери дагы бул иш боюнча олуттуу мааниге ээ.

Судьянын жумушу эч качан оңой болгон эмес жана болбойт. Бардык учурларда ал жоопкерчиликтүү жана абдан оор болгон. Анткени биздин ар бир чечимибиздин артында адамдын тагдыры турат. Андыктан мыйзам жана адилеттүүлүк үчүн милдеттерибизди аткарууда биз мыйзамды аткарып жана анын өкүлү экенибизди эстен чыгарбашыбыз керек”,- деп башталган куттуктоодо сот тармагында иштегендердин өлкөдөгү олуттуу орду белгиленет. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: