super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Соттун төрайымы өлкөнүн бир катар судьяларын сыйлады

 
Бүгүн, 5-мартта Жогорку Сотто Кыргызстандын сот тутумунун кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу азем болуп өттү. Анда мыкты иштеген судьялар сыйланышты. Мекеменин маалымат кызматынын билдиришинче, Жогорку Соттун судьясы Бусурманкул Бактыгулов "I даражадагы Кыргыз Республикасынын сот түзүмүнүн мыктысы" медалы менен сыйланды.

Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Болот Асанбаев II даражадагы Кыргыз Республикасынын сот түзүмүнүн мыктысы” медалы менен сыйланды. Ал эми төмөнкү судьялар жана кызматкерлер Жогорку Соттун Ардак грамотасы менен сыйланышты:

Айнаш Токбаева - Жогорку Соттун судьясы

Эрмек Бейсекеев - Бишкек шаардык сотунун судьясы

Эльвира Жаркеева - Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы

Абдуразак Боромбаев - Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы

Любовь Хлыбова - Чүй облустук сотунун судьясы

Түгөлбай Кулманбетов - Талас облусунун Талас райондук сотунун судьясы

Гүлмира Кожобекова - Жалал-Абад облустук сотунун төрагасынын орун басары

Дамирбек Назаров - Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу

Сейил Султаналиева - Жогорку Соттун аппаратынын кадрлар бөлүмүнүн улук референти

Гүлзада Турапова - Жогорку Соттун аппаратынын соттук отурумдардын жана пленумдун ишин камсыздоо бөлүмүнүн адиси






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: