super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абад. Борбордук аянтка бийиктиги 16 метрлик балаты орнотулду

 
Башка облустар сыңары эле Жалал-Абад облусунда да Жаңы жыл майрамына даярдык кызуу жүрүүдө. Быйыл борбордук аянттын өзүнө гана балаты орнотуп тим болбой, дагы 2 жерге балаты орнотулуп, жасалгалоо иштери жүргүзүлүп жатканын айтат мэрдин социалдык маселелер боюнча орун басары Гүлзат Алимбаева. "Бул жылы шаардын эли үчүн өзгөчө майрам болот десем жаңылышпайм. Анткени жалпысынан алганда быйылкы жылы Жаңы жыл майрамына карата миллионго чукул акча каражаты каралды. Анын ичинде жасалгалоо иштерине 480 миң сом каражат бөлүндү. Бийиктиги 16 метрден узун болгон бийиктиктеги балаты борбордук аянтта орнотулса, шаардын четки айылдардын бири Тайгараев аймактык башкаруусунда дагы бир балаты жана калкы жыш жайгашкан Спутник кичи шаарчасында бир балаты орнотулат. Андан тышкары балдардын балаты майрамына жана борбордук аянтта өтүүчү майрамдык иш-чарага 312 миң сом акча бөлүндү. Быйылкы жылы жасалгалоо иштерине көбүрөөк көңүл бөлүнүп жатат. Мурда көркөмдөө максатына баннерлерге сүрөт тарттыруу менен жасалгаласак, быйылкы жылы бир аз заманбап стилде, жаштардын табитине ылайык келчү жасалгаларды колдондук. Кошумчалай кетчү нерсе, мекеме-ишканалардын арасында да мыкты, көркөм эстетикалык жасалгалоо боюнча кароо-сынак жарыяладык. Буюрса, Жаңы жыл өтөрү менен ал сынактын жеңүүчүлөрүн аныктайбыз. Албетте, бул да болсо шаардын көркүнө көрк кошууга салым кошот деген пикирдемин",- дейт вице-мэр.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: